Марал Радиосу

Аймактардагы имамдар үчүн колдонмо китептер чыгат

Кыргызстандагы жалпы имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Китеп Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары боюнча иштелип чыгып, айыл аймактагы имамдарга колдонмо курал катары берилет.

Аталган китептерди башкармалыктын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан даярдалып жатат. Максаты аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.