Марал Радиосу

Төө-Ашуудагы карды тазалоого 8 техника жиберилди

Төө-Ашуудагы карды тазалоо үчүн 8 техника жана жумушчулар жиберилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Анда жолдорго инерттик материалдар, техникалык туздар себилди. Учурда Бишкек-Ош жолундагы ашуунун аймагындагы жол ачылды.

Белгилей кетсек, бүгүн айдоочулар Төө-Ашуудагы кардын тазаланбаганы жана жолдун муз болгонун айтып даттанышкан.