Марал Радиосу

9 айда экономикалык кылмыштардан бюджетке 5 млрд сом зыян келтирилген

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында экономикалык кылмыштардан мамлекеттик бюдежетке 5 млрд сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдирди.

Бул убакытта 1 мин 318 экономикалык укук бузуу катталган. Былтыркы жылга салыштырмалуу укук бузуулар 60 пайызга өскөн.

Ошол эле учурда мамлекетке кайтарылган акчанын суммасы да жогорулады. Бул багытта 965 кылмыш иши козголгон.