Connect with us

КМШ өкмөт башчыларынын кийинки жыйыны Түркмөнстанда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 736 | 0

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кенешинин кийинки жыйыны Түркмөнстанда өтөт. Бул тууралуу 2-ноябрда Астана өтүп жаткан жыйындын алкагында тажик премьер министри Кохир Расулзода билдирди.

Ал учурда өтүп жаткан жыйынга төрагалык кылууда. Расулзода Казакстан бийлигине түзүп берген жакшы шарттары үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

Эске сала кетсек, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны бүгүн Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM