Марал Радиосу

Шадиевге карата ачылган кылмыш иши сотко өткөрүлдү

Парламент депутаты Аскарбек Шадиевге карата ачылган кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Айрым маалыматтар боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту бул ишти айыпталуучунун катышуусу жок карайт.

Эске салсак, Шадиевке карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган. Ошондой эле «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.