Марал Радиосу

Абылгазиев Астанада КМШ саммитине катышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына барды.

КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.