Марал Радиосу

Жол кире 15 сомго көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкекте коомдук транспортко жол кирени электрондук негизде төлөө боюнча долбоордун негизги документтери бүттү. Учурда документ тиешелүү министрликтер менен макулдашуу үчүн экспертизадан өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоорду даярдоо үчүн кеңешчилер Европа өнүктүрүү банкынын колдоосу менен тартылган. Эми документин негизинде тендер уюштурулат.

«Транспорттук карточка чыгарылат. Анда 5 категория боюнча жеңилдиктер каралган. Алар: пенсионерлер,  майыптар, почтачылар жана башка адамдар. Жеңилдетилген карточка бекер берилет жана анын ээлери коомдук транспортто акысыз жүрүшөт. Система ишке кирсе коомдук транспортто канча киши бекер жүргөнү аныкталат. Система мындан сырткары коопсуздукту да камсыз кылат. Анткени айдоочу накталай акча алганда жолдон алаксып калууда», — дейт Атыканов.

Маалыматка ылайык, долбоордо маршруттук таксилер да каралган.

«Жеке ишкер пайда көрбөсө иштей албайт. Андыктан инвесторго да атайын тариф каралат. Коомдук транспортту аз колдонгондор кош тариф менен төлөп калат. Тескерисинче коомдук унааларды көп пайдалангандар азыраак төлөйт. Фирмалар жол кире 15 сом болсун деп жатышат», — дейт Атыканов.

Ал белгилегендей, автобустардын жол киресин көтөрүү боюнча дагы сунуштары бар. Бул жөнүндө Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы учурда анализ жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгында бул маселе шаардык кеңеште талкууланып, чечим кабыл алынат.