Марал Радиосу

Хакерлер 250 миңден кишинин өздүк маалыматын ачыкка чыгарышты

Хакерлер 257 миң кишинин Facebook тармагындагы өздүк маалыматтарын ачыкка чыгарышты. Алардын ичинде өмүр-баяндары, жашаган жана иштеген даректери, телефон номурлары, электрондук даректери жана жекече жазышкан купуя каттары да бар.

Fbserver деп аталган сайтка жайгаштырылган маалыматтар чынында эле колдонуучуларга тиешелүү экени тастыкталган. Аталган сайтка FBSaler аттуу ник менен: «Өздүк маалыматтарды сатам. Бир профилдин баасы 10 цент»,-деп жазылган маалымат чыккан. Алардын айтымында, колдорунда 200 миллион акаунттун өздүк маалыматы бар. Дүйнө жүзүнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн жарандарына таандык маалыматтар көрсөтүлгөн.

Fbserver сайты ушул жылы ачылып, көзөмөл органдары тарабынан бир нече ирет жабылганына карабай жаңыдан пайда болуп келет.

КМШ өлкөлөрүнөн хакерлердин тузагына эң көп түшкөндөр Орусия менен Украинанын жарандары экени такталган.

Эске сала кетсек, Facebook коомдук желесинен маалыматтардын уурдалуусу биринчи ирет болуп жаткан жок. Буга чейин да үстүбүздгү жылда эле эки ирет мындай чуу жаралып, компаниянын колдонуучуларынын өздүк маалыматтарынын коопсуздугун сактай албаганы үчүн негиздөөчүсү жана директорлор кеңешинин төрагасы Майк Цукербергдин отставкасын талап кылышканга чейин барышкан.

Exit mobile version