Марал Радиосу

Маданият министри Каримованы кызматынан бошотту

Ырчы Самара Каримова Ныязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жаманкулов Каримова бул кызматка өзү министр боло электе статс-катчы тарабынан дайындалганы мыйзамсыз экенин айткан.

Каримова музыкалык орто окуу жайдын директорлугуна 30-октябрда дайындалган.