Биз менен байланышыңыз

Улуттук стратегияны ишке ашырууга донорлордон жардам суралды

Саясат , Экономика | 1 Ноя 2018 | 1024 | 0

2018-2040-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиялык долбоор кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 31-октябрда кол койду.  Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда биринчи жолу стратегиялык документ кабыл алынды. Эми мамлекеттин саясаты дал ошол документке карай жүргүзүлөт. Ал узак жана орто мөөнөттүк болуп бекиди. Бул тууралуу 1-ноябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков  донорлор менен болгон жолугушууда айтты.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиялык долбоор кабыл алынды. Эми Кыргызстандын стратегиялык документи бар. Ал узак жана орто мөөнөткө каралды жана өлкөнүн алдыңкы жылдагы өнүгүүсүнө багытталды. Аны сапаттуу иштелип чыгышына эл аралык коомчулуктун салымы чоң. Эми аны толук  ишке ашуусу үчүн сиздердин жардамыңыздар керек.

Алдыңкы 20 жылда  долбоорду толук  ишке ашыруу үчүн 19 млрд доллар кажет. Бүгүнкү күнү анын 7 млрд доллары даяр. Калган 12 млрд доллар азырынча жок. Ошондуктан пландалган ишти толук бүтүрүү үчүн эл аралык каржы уюмдардан жана донорлордон каражат изделерин Финансы министри Адылбек Касымалиев айтты.

Азыркы маалда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашырууга  болжолдуу 7 млрд доллардын каржы булактары бар. Ал эми калган 12 млрд долларды табуу үчүн биз бүгүн донорлорго кайрылдык. 2040-жылга чейин деп сурап жатабыз. Азыртан каржы булагын табышыбыз керек. Анткени ар бир долбоор мөөнөтү менен бекитилди.

Чындыгында өлкөдө стратегиялык маанидеги долбоорлордун көбү донорлордун каржысына ишке ашып келе жатат. Эгемендүүлүк алган жылдардан берки мөөнөттү алсак 9,9 млрд  долларга жетти. Анын 2,8 млрд доллары гранттык негизде келсе, калган 7,1 доллары насыяга берилген. Бул суммалардын 24,9 пайызы жол жана транспорт тармагындагы долбоорлорго жумшалса, 22 пайызы энергетикага, дагы 5-6 пайызы айыл чарба тармагына коротулган.

Бирок донорлор мамлекет менен бирдиктүү программаларды ишке ашыруу татаалдыгын белгилеп жатышат. Көпчүлүк маалда сүйлөшүүлөр жакшы жүргөнү менен долбоор ишке ашпай орто жолдо калган учурлар бар экенин Бириккен улуттар уюмунун  Кыргызстандагы координатору  Озонниа Ожиело белгиледи. Бирден-бир себеби катары жетекчилердин туруктуу иштебей жатканы айтылды.

Биз өкмөттүн конкреттүү стратегиялык пландарын түшүнбөй келебиз. Сунуштаган программабыздын дагы дайынын таппай калабыз. Мунун негизги себеби жетекчилердин узак мөөнөттө иштебегендигинде болуп жатат. Эгер биз менен долбоорду ишке ашыра турган жетекчи туруктуу болсо, алар менен иш алып баруу бизге дагы жеңил болмок. А учурда болсо, бир жетекчи менен жаңы долбоорду иштеп чыксак, эртеси башкасы дайындалып калып жатат.

Экинчиден донорлор дагы бир жагдай тууралуу президентке өз сунуштарын берип өтүштү. Бул донорлордон келген акчалардын максаттуу сарпталышы жөнүндө. Швейцариянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Вероник Ульманн ишке ашкан долбоорлорго мониторинг жана анализ жүргүзүүгө чакырды. Болбосо баштаган иштер натыйжалуу болбой жатат.

Швейцария өлкөсү Кыргызстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү жана санариптик экономика тармактары бар. Бул долбоорлор биз үчүн дагы маанилүү. Бирок алар ишке ашкандан кийинки тагдыры бергисиз бойдон калууда. Ошондуктан урматтуу президент Кыргызстанда ишке ашкан долбоорлорго анализ же мониторинг жүргүзүп турууну сунуштайт элем. Терең анализ жасалса, биз натыйжасын дагы көрүп турат элек жана жыйынтыкка жараша башка долбоорлорду ишке ашырып турмакпыз.

Ал эми Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин экономиканы өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Касень Онезорг долбоордун документ иштери тийиштүү органдар тараптан каралбай жатканына токтолду. Министрликтерге жөнөтүлгөн каттар кеч каралып, белгиленген мөөнөттө бүтпөй жатканын президентке айтты.

Биз кандай гана долбоор болбосун каражатыбызды салганга даярбыз. Бирок документ иштеринде тоскоолдуктар дагы деле бар. Мамлекеттик органдарга тапшырылган документтер көп убакытка чейин каралбайт.  Натыйжада долбоорлор кечеңдеп, айрым учурда ишке ашпай дагы калууда.

Мындай көрүнүштөрдү азайтуу үчүн өкмөт программа даярдаганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымдады.

Донорлор менен системалуу иш жүрбөй жатканына биз көңүл бура баштадык. Стратегиянын алкагында өкмөт атайын программаны даярдады. Буюрса жакын арада жарыялайбыз.

Донорлордун өтүнүчтөрүн уккан президент бул маселелер чечиле турганын айтып, алардын ар бири менен жекече жолугушууга даярмын деди. Ал үчүн келерки жылы жогорку деңгээлде донорлук конференцияны өткөрүү пландалганын дагы кошумчалады.

Эскерте кетсек, президент Кыргызстанга көмөктөшкөн донорлор менен мындан 2,5 ай мурун жолугушкан болчу. Мындай жолугушуу  салтка айланып, мамлекет менен донорлордун карым-катнашын бекемдей турганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM