Марал Радиосу

“Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мүчөсү кызматтан алынды

“Центерра Голд” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү, “Кыргызалтын” ААКнын жетекчисинин орун басары Бектур Сагынов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аны кызматтан алуунун себеби жана ордуна келчү адам маалыматта көрсөтүлгөн эмес.

Асанов 2015-жылдын май айынан бери “Кыргызалтындын” экономика, финансы жана инвестиция тармагын тейлеп келген.

Белгилей кетсек, “Центерра Голд” ишканасынын директорлор кеңешинде жалпы 11 адам бар. Бектур Сагынов кызматтан кеткенден кийин Кыргызстандын кызыкчылыгын бир гана Эдуард Кубатов коргоп калат.