Марал Радиосу

Кыргызстан Doing Business рейтингинде 70-орунда

Кыргызстан Дүйнөлүк банктын бизнести жеңил жүргүзүү боюнча индексинде 190 олкөнүн ичинен 70-орунда.

Бул көрсөткүч 2017-18-жылдардагы көрсөткүч боюнча чыгарылган. Буга чейин өлкө Doing Business рейтингинде 77-орунда болчу.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, 2017-18-жылдары Кыргызстандын 4 облусунда Doing Business рейтингинде баалана турчу реформа жасалган.