Марал Радиосу

2-ноябрда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт

2-ноябрда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суулуу кар жармашат. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +2…+7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын табы түнкүсүн 0…-2, күндүз +1…+3.