Марал Радиосу

Министр: Ысык-Көл, Ош облустарында өрт боюнча профилактикалык иштер начар жүргөн

өрт

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өрт коопсуздугу боюнча профилактикалык иштердин начар жүргөндүгүп айтып, калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда Ош жана Ысык-Көл облустарынын башкармалыгынын жетекчилерине орун басарларына чара көрүүнү тапшырды. Мындай тапшырма 2018-жылдын 9 айынын отчётун алгандан соң берилген.

Ошондой эле күз-кыш мезгилинде өзгөчө кырдаалдар боюнча эскертүү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да керектиги айтылган.