Марал Радиосу

Кытайда экраны бүктөлө турган смартфон сатыкка чыкты

Кытайлык Royole фирмасы биринчи жолу экраны бүктөлө турган смартфон сатыкка чыгарганын жарыялады.

Түбү кытайлык, борбору Калифорнияда жайгашкан анча белгилүү эмес бул компания Flexi Pai аталышындагы мындай смартфонун Пекинде көргөзмөдө таанытты. Гаджеттерин бүгүндөн баштап кардарларга сата баштарын жарыялашты.

Смартфон ачык абалында 19,8 см узундугундагы экранга ээ болуп, бүктөлгөн учурунда үч бөлүктөгү экранга айланат. Бул үч экран ар түрдүү көрүнүштөрдү бир учурда көрсөтө алат.

Телефондун баасы 1290 доллардан 1863 доллар арасында.