Марал Радиосу

Касмамбетова: Медициналык маалымкаттарды сатып алгандар көп

Автомектептерде окуучуларга стресске кабылбоонун жолдору, өзүн көзөмөлдөө боюнча сабактардын санын көбөйтүш керек. Анткени унаа айдаганды үйрөнүп жатканда рулга отуруу дагы өзүнчө стресс. Мындай пикирин “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө айдоочулук күбөлүк алуу үчүн медициналык маалымкаттарды акчага сатып алуу кеңири жайылган.

«Медициналык борборлорго көзөмөлдү күчөтүш керек. Айдоочулук күбөлүк үчүн сынакты атайын комиссия карайт. Окутуучу катуу талап койсо айдоочулук күбөлүк алуучулар жакшы окуйт», — дейт Касмамбетова.

Кошумчалай кетсек, өлкө боюнча жалпы 237 автомектеп бар. Алардын 63ү мамлекеттик калганы жеке менчик мекемелер.