Марал Радиосу

Аскер бөлүгүндөгү башаламандыкка Дүйшембиевдин аты аралашты

№36806 аскер бөлүгүндө башаламандыктар орун алып жатат. Бул туурасында аталган аскер бөлүгүнүн аскерге даярдык боюнча командиринин мурдагы орун басары, майор Мунар Шакенов айтып чыкты. Анын айтымында, Башкы штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшембиевдин тууганымын деген Арзыбек Абдыкуловдун айынан мыйзамсыз кызматынан которулуп жатат. Анткени аталган жаран кызмат өтөп жаткан кезде Шакеновго каршы чыгып, буйругун аткарган эмес. Тескерисинче, аны кызматынан бошотуу менен коркуткан.

-Чуунун баары анын(Райимберди Дүйшембиевдин) тууганы Абдыкулов Арзыбектин кызмат өтөп жаткан убактысынан башталган. Айтылган буйрукту аткарбай, тескерисинче, мени кызматынан кетирип салам деп коркуткан. Эгерде чындыгында Райимберди Дүйшембиевдин тууганы эмес болсо, анда эмне үчүн анын айтканы боюнча мени кызматтан которуп жатат.

Майор Шакенов анын кызмат ордунан алмаштыруу үчүн белгилүү жүйөлөр көрсөтүлүшү керектигин айтат.  Тескерисинче, аны кызматтан которууга жүйө таппай аны менен кошо кызматтагы Алманбет Ырыскадыр уулун Шакенов жөнүндө арыз жазып берүүсүн мажбурлашкан. «Аргасыз арыз жазган Алманбет Ырыскадыр уулу кийин суицидге аракет кылды»,- дейт майор Шакенов.

Мага каршы эч кандай далил таба албай, аны чакырып алып мага каршы арыз жаздыртышкан. Бирок ал бала намыстанып, суицидге аракет кылган. Балдардын айтымында, кийин ал оор абалда калып, аскер прокуратурасына кайрылыптыр.

Бирок Башкы штаб жогоруда айтылгандарды толугу менен четке кагууда. Басма сөз кызматынан Гүлзат Жарашованын айтымында, Башкы штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшембиевдин эч бир тууганы аскерде кызмат өтөп жаткан эмес. Эгерде жетекчинин тууганымын деп атын жамынган жарандын айыбы аныкталса, жоопко тартыларын маалымдады.

Генерал-майор Райимберди Дүйшембиевдин Арзыбек Абдыкулов аттуу тууганы жок. Эгерде анын атын жамынган жарандын айыбы далилденсе, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Ал эми майор Шакенов боюнча баары тартиптин негизинде каралат. Биз кызматтык териштирүү жасап, анын айыбын аныктаганбыз.

Бирок майор Мунар Шакенов акыйкат чечим чыгарат деген үмүт менен аскер прокуратурасына кайрылганын билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда териштирүү жүрүп жатат.

Бул маселе боюнча 26-октябрда арыз түшкөн. Азыркы учурда Аскер прокуратурасы тарабынан каралып жатат. Иш Ош гарнизонунун аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Аскерлер аскер прокуратурасы акыйкат чечим чыгарып, мурдагы кызмат ордуна кайтарылат деп үмүт кылышарын айтышат.