Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында төрт айда 478 миллион сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Бул каражат Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн бирдиктүү депозиттик эсепке келип түшкөн.
Коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке 478 млн сомдон ашык каражат чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Самат Тоялиев билдирди.
Анын айтымында, бул каражат Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн бирдиктүү депозиттик эсепке келип түшкөн.
—2018-жылдын 23-октябрына карата экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудагы түшкөн акча каражаттарды эсептөөгө жана топтоого ачылган депозитке жалпысынан 478 млн 626 миң сом келип түштү. Анын ичинен экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан 190 млн сом, 127 миллион сомго жакынын Башкы прокуратура, калган 159 миллион сомго жакынын УКМК өндүргөн. Ал эми ички иштер министри тарабынан 1 млн сом келип түшкөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бажы кызматы менен биргеликте аткезчилик жол менен ташылган жүктөрдү аныктоо иш-чараларынын алкагында мамлекетке 8 млн сомдон ашык каражат кайтарышты. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
Анын маалыматында, жакында эле “Кызыл-Бел-Автодорожный” көзөмөл өткөрүү пунктунда КМШ мамлекеттеринен келе жаткан эки жүк ташуучу унаа Кыргызстан аркылуу Тажикстанга өтүп бара жаткандыгы аныкталган.
—Бул унааларда эл колдонуучу товардын ордуна тигүү продукциясынын тиккенден кийинки калдыктары жүктөлгөн. Анын суммасы 16 млн 173 миң 104 сомду түзгөн. Бажы төлөмү болжол менен 7 млн сомду түзмөк. Бул факты боюнча УКМК 2 кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн натыйжасында 4 млн 158 миң 610 сом мамлекетке кайтарылды.
Үстүбүздөгү жылдын жай айында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун жеке демилгеси менен коррупцияга каршы күрөш өнөктүгүнүн алкагында экономикалык жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу ачылган иштердин негизинде өндүрүлө турган каражат үчүн өзүнчө бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Андан өндүрүлгөн акча тиешелүү органдардын өзүнүн атайын эсебине түшүп, кимден канча өндүрүлгөнү көрсөтүлбөй келет. Муну мыйзамдуу гана деп эсептөөгө болорун юрист Канат Азиз белгиледи.
-Коррупция менен күрөшүүдө каражаттар өндүрүлүп жатат деп баары кылмышкер болуп эсептелбейт. Мисалы, кошумча нарк салыгын азайтып көрсөтүп коюу же эсепти өзү чыгара албастан туура эмес санды берген учурлар. Буларды сөзсүз кылмышкер деп эсептесек болбойт. Азыр коомчулукта кылмышкерлерден акча өндүрүп, аларды кое берип жатат деген түшүнүк болуп калууда. Бирок иш жүзүндө башкача маселе.
Саясат талдоочулар бирдиктүү депозиттик эсеп ачык-айкын болуп, ага түшүп жаткан каражаттын каяктан өндүрүлгөнү жана кайда жумшала турганы дагы ачык көрсөтүлүшү керек деп эсептешет.
Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова түшкөн каражат ачыкталбаса, анда акча бир чөнтөктөн экинчисине өтүп кетүү коркунучу бар экенин айтты.
— Мурун деле укук коргоо органдары коррупциялык кылмыштарды изилдөөнүн натыйжасында келтирилген зыяндын кандайдыр бир бөлүгүн өндүрүү тууралуу отчеттор жарыяланчу. Бирок ал каражат каякка жана кимден түштү деген маселе жабык бойдон калчу. Мында коррупциялык тобокелчиликтерди жоготуу керек. Өндүрүп жаткан акча каяктан келди? Ал каражат чын эле коррупциядан эле түштүбү? Ушул суроолорду коомчулук ачык билүүсү керек. Эсепке түшкөн акча бир чөнтөктөн экинчисине кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан өндүрүлгөн акча кайдан келип, кайда жумшала турганы ачык эле көрсөтүлүүсү керек.
Буга чейин коррупциялык кылмыштардан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруу иретинде мамлекеттик казынага өндүрүлгөн акчаны бирдиктүү депозиттик эсепке түшүрүп, аны мамлекеттин тышкы карызын жабыш үчүн топтоо жагынан демилге көтөрүлгөн болчу.
Ал эми экономист Кубан Чороев эсепке келип түшкөн каражат кимден өндүрүлгөнүнүн ачыкталбай калуусунун себептери да болуусу мүмкүн деген ойдо.
-Кээ бир коорупциялык иштерди сот, тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан болушу мүмкүн. Ошондуктан тергөөнүн кызыкчылыгы жашыруун калтырылат. Анын негизинде ачыкталбай калышы ыктымал. Эгерде ачыкталса экинчи тарап сотко берип коюшу мүмкүн.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков атайын эсепке түшкөн акчаларга Бишкек шаарында жана аймактарда мектеп куруу сунушун айткан.