Марал Радиосу

Кесиптик лицейлерге жаңы адистиктер кирди

Өлкөдөгү кесиптик лицейлерде жаңы адистиктер окутула баштады. Бул тууралуу Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов билдирди.

Анын айтымында, төмөндөгү адистиктер окутула баштаган.

Байланыш оператору;

Мал чарба адиси;

Веб-оптимизатор;

Интернет тиркемелерин жасоочу адис;

Компьютер тармактарынын администратору;

Туристтик каттамдарга жол көрсөтүүчү;

Мобилдик телефондорду оңдоо жана тейлөө адиси;

Жылуулук изоляция жумуштарын аткаруучу.