Марал Радиосу

Бөрүбашев: Жээнбеков реформа жасабай жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков реформа жасабай жатат. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков саясий, укуктук, экономикалык реформага барышы керек болчу.

«Беш кишини камап коюп коррупция менен күрөшө албайт. Азыр Жээнбековдун командасы түзүлдү, бирок начар. Президент болом деген киши бийликке ой-пикири менен келиши керек. Жээнбеков мурунку бийликтин жолун улап жатат», — дейт Бөрүбашев.