Марал Радиосу

Чоңдор келет…

Мектеп күндөрүмдө «чоңдор келет…», деген сөз мага жомоктогу жалгыз көздүү дөө келе атат дегендей эле туюм калтырчу. Анткени мугалимдер чымын-куюн болуп, ары- бери жүгүрүп, сырдалбаган парталар сырдалып, сынган эшиктер оңдолуп, окуу куралдары жаңыртылып, окуучулардын баары ак бантик, ак көйнөк кийип, тырмактарын алып тазаланып калар эле. Анан мен бала кыялым менен ушундай абалды карап олтуруп, укмуштуудай коркунучтуу чоң кишилерди элестетер элем. Кызыгы, ошол «Чоңдор келет!!!» деген коркуулар, чымын-куюн жүгүрүүлөр, жасалмалуулуктар, алдоолор, алдануулар кашайып бүгүнкү жашоомдо деле ошондой маанилүү. Болгону мен азыр «чоӊдордун» ким экенин жакшы билем… Билем, сиз да мен да ааламдашууну, заманбап технологиянын укмуштуудай ачылыштарын бетке кармагыбыз келет. Бирок илим-техникаӊ шумдук болуп кеткен менен адам өзүнүн ички маданиятын, дүйнө таанымын өнүктүрбөсө мурдагыдай эле караӊгылык өкүм сүрөрүн мезгил өзү тастыктап берди. Кыргызстандагы билим системасы жаӊы кыргыздын дүйнө таанымын өнүктүрүүгө жарамсыз болгонун ушундан көрсөӊүз болот. Биз адамдын сырткы көйнөгүн гана алмаштырдык, ичи, жүрөгү, бийликке болгон түшүнүгү, бийликтегилердин элге болгон түшүнүгү СССР учурундагыдай. Сталиндин заманындагыдай. Азыр муну журналистер жакшы билет.

 

Медиа өкүлдөрү пресс-турга чыккан кезде баланын оюнундай болгон көз боёмочулук, көшөгөлөнгөн чындыктарды көрүп эле жүрөбүз. Анда качкан экс-президенттин доору эле. Ошол кездин бир журт жакшысы менен Чүйдү кыдырып калдык. 30дай журналист жүнүн жеп. Эсимде жок, кечке кыдырдык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, баары жакшы. Биз барган жердин баары таптаза. Адамдар жылмайган, айылдык апалар айткандай, «артист» көйнөктөрүн кийген эл маанайы жарык тосуп, барган эле жерден жайылган дасторкон, тамак-аш, «ооз басырык» укмуш уюштурулуптур. Ушунчалык кынтыксыз жасалган көз боёмочулукту көрүп турсаң да, кыргыздын «Бир жолу даам таткан жериңе, миң күн салам бер» дегенин эстеп, иш бөлмөңө келгенде жүрөк оорутпаган макала даярдаган күндөр эске түшөт. Алдайт… Алданасың. Алданып калганыңды билип туруп, сен да кайра ошолордой болуп өзүң коомчулукту алдайсың. Чоңдор кыдырганына курсант, жардамчылары “шеф» кыдырды деген отчётуна кудуңдап, жергиликтүүлөр болсо жабылуу аяк жабылуу боюнча калган учурлардан өткөнү үчүн эркин дем алып, ал ортодо карапайым эл баланча чоңду жанынан көргөнүн айтып бүтө албайт. Айтор, «Чоңдор келет!» дегендин көп жылдын башын жеген болжолдуу картинасы ушул эле. Бирок чыныгы жашоого келсең жашоо кадыресе. Жасалмасыз!

 

Акылдуу китептерди барактап олтурсам, авторитардык адам менен чыныгы жетекчинин ортосундагы айырмачылыкты төмөндөгүдөй түшүндүрөт.

Чыныгы жетекчи: жүрүш – турушу менен башкаларга өрнөк болот.

Кызматка таянган жетекчи: коркутуу жолу менен башкарат.

Чыныгы жетекчи: өзүнүнүн кызыкчылыгы менен катар тараптардын кызыкчылыгына туура келе турган чечим издейт.

Кызматка таянган жетекчи: «башкаларга эмне болсо ошо болсун мага пайдалуу болсо болду» деген принцибин негиз тутат.

Чыныгы жетекчи: «баардыгыбыз адамбыз, ушул учурда бардыгыбыздын жашообузга таасир тийгизе турган жыйынтыктарга мен жооп берем, жоопкерчиликти мойнума алам» дейт.

Кызматына таянган жетекчи: күч, бийлик менин колумда болгондугу үчүн башкаларга караганда мен дагы баалумун деген принципти негиз тутат.

Чыныгы жетекчи: лидерлик бул элге кызмат кылуу. Эң сыйлуу лидер кызмат кылган лидер. Ошондуктан мен кызмат кылышым керек деп ойлойт.

Кызматка таянган жетекчи: мен күчтүүмүн, силер алсызсыңар ошондуктан силер мага кызмат кылышыңар керек деген принцип менен жашайт.

 

Ал эми сиз кандай чоңду көрүп жүрөсүз? Кыргыз коому кимге башкарылып жатыптыр? Бул суроого ар ким өзүнчө жооп берсин. Ойлонсун, көз карашты өзгөртсүн. Саясий билимин жогорулатсын. Бирок мага кызыгы эле, ушул журт жакшылары “Чоңдор келет…” дедирбей эле капыл-тапыл келип, кичинкейлери болсо даярдыксыз эле болгон бетин көрсөтсө эмне болор экен? Адаттагыдай элечи… Жасалмасыз…

 

Жазгүл Жамангулова

Exit mobile version