Марал Радиосу

Бишкекте террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү 1990-жылы туулган кыргызстандык О.У. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аны текшерүү учурунда А.Р. аттуу адамга тиешелүү, мурда Сирия согуш аракетинде катышып жүргөн согушкерге таандык жасалма паспорт табылган.

Кармалган адам согушкерлерге ар кандай көмөк көрсөтүп, 100 миң долларды Сириядагы террордук уюмдун согушкерлерин каржылоо катарында жиберген.

Колго түшкөн жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 226-1 беренеси (Террорчулук ишти финансылоо), 299-1 беренеси (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) жана 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козголду.

Тергөө жүрүп жатат.