Марал Радиосу

Бөрүбашев: КСДПда биримдик жок экени далилденди

КСДП бирдиктүү саясий партия эмес экенин далилдеди. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, КСДП саясий эмес башка кызыкчылыктын тегерегинде бириккени көрүнүп жатат.

«Икрамжан Илмиянов саясий элитанын ал эми КСДП саясий партиялардын жүзүн көрсөтүп койду. Аталган партиянын жөнөкөй мүчөлөрү жакшы иштеди. Партия менен фракция өзүнчө турмуш өткөрүп жатат», — дейт Бөрүбашев.