Марал Радиосу

Ошто Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Анын алкагында Ош мамлекеттик университетинин, башкы корпусунда илимий-практикалык конференция өтөт.

3-ноябрда борбордук аянтта «90 жылдыкка 90 көркөм өнөр» аталышындагы көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү уюштурулат.

Ошондой эле, чыгармачылык көргөзмө, театралдаштырылган эскерүү кечеси өтөт. Облустук ат майданында көк бөрү, ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш улуттук оюндары болот.