Марал Радиосу

Ош шаарында 1-ноябрдан тарта жылуулук  берилет

Ош шаарында 1-ноябрдан тарта жылуулук  бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жылуулук алгач оорукана, бала бакча жана мектептерге берилет. Айрым саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелери кат түрүндө кайрылгандыктан аларга 29-октябрда берилген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына 18-октябрда жылуулук берилген.