Марал Радиосу

2019-жылы соттордун саны көбөйтүлөт

Соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирет. Анын негизинде «кылмыш ишин козгоо» институту жоюлат.

Үстүбүзжөгү жыл жаңыраары менен учурда иштеп жаткан кодекстер толук токтоп, жаңы кодекстер күчүнө кирет. Алар Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык процесстик кодекс жана Жазык-аткаруу кодекси. Буга кошумча “Пробация жөнүндө” жана “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө мыйзамдар 1-январдан тарта күчүнө кирет.

Бүгүнкү күнү тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр өз кызматкерлерин окутуулардан өткөрүп, штаттык бирдиктерин көбөйтүүдө.

17-ноябрдан тарта республика боюнча сотторго 56 штаттык бирдик кошулду. Анткени Кыргызстанда биринчи жолу тергөө судьялары институту ишин баштаганы турат. Алардын аткара турган кызматы тууралуу Жогорку соттун мыйзамдар менен иштөө секторунун башчысы Расия Эралиева тааныштырды.

Тергөө судьясы чыгарган токтомдун беш гана түрү апеллациялык тартипте даттанууга жатат. Башка чыгарылган токтомдор даттанууга жатпайт жана мамлекеттик органдар тараптан аткарылууга тийиш. Биринчи бөгөт коюу чарасын камакка алуу жана анын мөөнөтүн узартуу боюнча. Андан кийин тинтүү, мүлктү камакка алынган учур гана даттанууга жатат. Өзгөчөлүк ушул. Мурун кайсы гана аракет болбосун, иштер Жогорку сотко жетип турчу. Азыр андай тартип болбойт.

Ошону менен буга чейин Кыргызстанда 401 судья болсо, азыр алардын саны 457ге жетти. Эгер Жогорку соттогу судьялар менен бириктирсек, жалпы 492ни көрсөтүп калды.

Алардын ыйгарым укуктары кеңейтилгени менен жоопкерчилик дагы көбөйтүлдү. Жаңы кодексте тергөө судьялары бөгөт коюу чараларын 2 саатта карап бериши керек.  Буга кошумча, кайсы бир иште материалдар толук эмес болсо, ишти кароо 72 саатка гана токтотулсун деп каралган жана өзү чыгарган чечимдерин көрө албайт.

Ал эми Ички иштер министрлигине келсек, жаңы кодекстердин кириши менен жаңы башкармалык түзүлүп жатат. Буга чейин министрлик тергөө менен гана алектенип келсе, эми жоруктар боюнча ишти сотко чейин карамакчы. Учурда өздүк курамына бекилип, кызматкерлер окутулуп жатканын  аталган министрликтин алдындагы тергөө кызматы башкармалыгынын башчысы Бегалы Пирматов айтты.

Ушул мыйзамды аткаруу боюнча ИИМдин курамында жаңы кызмат ачылды. Бул жоруктар боюнча сотко чейин өндүрүштөрдү жүргүзүү тууралуу ишти алып барат. Ошол себептен тергөө кызматынан жана борбордук аппараттан жалпы 625 штат кыскартылган. Анын ордуна 255 штаттан турган жаңы башкармалык түзүлгөн. Бул башкармалык жаңы жылдан баштап, жоруктар боюнча иш алып барат. 2019-жылга чейин жаңы курамды толук түзүп, кызматкерлерди толук окутуп бүтөбүз.

Ошону менен катар жаңы кодексте жактоочуларга дагы мүмкүнчүлүктөр берилгенин Кыргызстандын адвокаттар союзунун төрагасы Билим Райымкулов белгилейт. Бул өз кезегинде жарандардын укуктарын сактоого натыйжасын берет.

Жаңы кире турган мыйзамдарда жактоочулардын орду жогору коюлган. Азыр жазык-сот иштеринин башкычтары бөлүнгөн. Сотко чейинки жана соттук өндүрүш болуп калды. Булардын бардыгын териштирүүдө адвокаттар толук катышат.

Учурда мамлекеттик түзүмдөр ортосунда кылмыш иштеринин бирдиктүү реестри түзүлөт. Ал автоматтык негизде болот жана кылмыштар жөнүндөгү маалыматтар бир жерде сакталат. Ага Башкы прокуратура көзөмөлдүк кылат. 1-январда сотко чейинки иштер базага толук киргизилерин Башкы прокуратураны башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбеков маалымдады. Анын айтымында, бул иштер этап-этабы менен ишке ашмакчы.

Кылмыш иштери боюнча бирдиктүү реестрдин түзүлүшү жалпы элге жеңилдик алып келет. Себеби ар бир жаран арыз менен кайрылгандан кийин талон алат. Аны менен интернет аркылуу өз арызы тууралуу жыйынтыктарды билсе болот. ИИБне баруунун кереги жок. Реестрде бардык жаңылыктар киргизилип турат. 

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары соттук-укуктук реформаны жөнгө салган негизги 7 кодекс жана бир нече мыйзамдар кабыл алынган.

 

 

 

Exit mobile version