Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 30-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрдү. Анда борбордогу кырсыктын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланды. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, башкы прокурор жана УКМКнын жетекчиси катышты.
Быйыл 26-январдагы кыш чилдеде жаңы эле модернизацияланган Бишкек ЖЭБинде авария болуп, баш калаага бир жума бою жылуулук берилген эмес. Авариядан кийин анын чоо-жайын жана модернизацияга кеткен Кытай насыясын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия корутундусун май айында парламент сессиясында жарыялап, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилген.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө алгач биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБинин кышка карата даярдыгы жана жаңы курулган химиялык цех тууралуу маалымат берди.
—Бишкек ЖЭБин ремонттоого быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 322 млн сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө жылытуу борборунда 10 буу казан агрегаты, 2 кытай блогу жана 7 труба агрегат даярдалган. Ал 330 кВ мегаватты камсыздоого жетиштүү болуп эсептелет. Мындан тышкары борбор калаадагы жашоочуларга жылылуулук энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо үчүн 5 буу казан агрегатында оңдоо иштер жүргүзүлүп жатат. Ал ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт. 2018-жылдын октябрь айында Бишкек ЖЭБинде жаңы химиялык цехтин курулушу бүтүп, ишке берилди.
Бишкек ЖЭБди жаңылоого алынган насыянын 5 пайызы колдонула элек. Бул тууралуу көчмө жыйынында каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков билдирди.
-Насыянын 360 миллион долларын колдондук. Учурда 26 миллион доллар колдонула элек. Азыр ал акча Кытайдын Эксимбанкында турат.
Ал эми Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов учурда кытай насыясы боюнча аудит аягына чыга электигин айтып, жакынкы күндөрү жыйынтыктар депутаттарга кат түрүндө берилерин билдирди.
—Бүгүнкү күндө аудит бүтө элек. Жогорку Кеңештин койгон токтомуна ылайык, 286 млн доллар боюнча аудит жүрүп атат. Бул абдан чоң долбоор. Аудит бүтүшү менен парламентке расмий билдирүү жиберебиз.
Көчмө жыйындын алкагында депутаттар жаңы курулган химиялык сууну тазалоо цехин көрүп чыгышты. Химиялык цех курулганы менен башка жумуштар бүтө электигин депутат Кожобек Рыспаев белгилеп, эртерээк аяктоону тапшырды.
— ЖЭБди көрүп кыдырып чыктык. Өткөн жылга салыштырмалуу иштер аткарылыптыр. Авария убагында шамал кирип турган жерлердин 70 пайызы бүткөнүн айтып жатасыңар. Бирок биз ченеп чыга албайбыз. Калган жумуштарды ноябрь айында бүтүргүлө. Эл күтүп жатат.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБин жаңылоого Кытайдын Эксимбанкынан 386 миллион доллар насыя алынган.
ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга жол берилгени боюнча төрт кылмыш иши козголуп, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков баш болгон 15тен ашык жетекчи камакка алынган.