Марал Радиосу

Кайрат Примбердиев: Тойлордо дайым эле жандуу ырдайм

Марал радиосунун «Желе шоу» программасынын 29-октябрдагы уктуруусунда конокто Кайрат Примбердиев болду. Анда ал фонограмма менен ырдагандан уяларын билдирди.

«Тойлордо 90%нын жандуу үн менен ырдайм. Фонограмма менен ырдагандан уялам. Тойго барганда кээ бир ырчылар минусун коюп албайын деп кыжаалат болушат. А мен болсо тескерисинче плюсун коюп алба деп айтам»-дейт ырчы.