Марал Радиосу

Самара Каримова музыкалык мектептин директору болду

Эстрада ырчысы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык мектептин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Бүгүн, 30-октябрда Каримова эмгек жамаатына тааныштырылган.

Белгилей кетсек, Самара Каримова «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун сын пикиринен соң кызматтан баш тарткан.  Ал 27 жашта, КРнын эмгек сиңирген артисти наамынын ээси.