Марал Радиосу

“Көк-бөрү” тасмасы дүйнөлүк кинофестивалда көрсөтүлөт

Бүгүн, 30-октябрда “Көк-бөрү” тасмасы Эл аралык Азия кинофестивалында («Asia World Film Festival») коюлат. Бул тууралуу тасманын режиссёру Руслан Акун социалдык баракчасында билдирген.

Иш-чара 24-октябрда Лос-Анжелесте башталып, 1-ноябрга чейин уланат. Анда Азия өлкөлөрүнүн мыкты, басымдуу бөлүгү Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн фильмдер көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, аталган кинофестиваль депутат Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы негизделген.