Марал Радиосу

Ош шаарында 1-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Ош шаарында 1-ноябрдан тарта жылуулук  бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жылуулук алгач оорукана, бала бакча жана мектептерге бериле баштайт.

Айрым саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелери кат түрүндө кайрылгандыктан 29-октябрда берилген.

Аймактык кеңештерге шаар тугундарына үйүндөгү жылуулук тармактарын текшеришин эскертүү тапшырмасын берилди.