Марал Радиосу

Москва райондук сотунун судьясы иштен алынды

Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликстин ыйгарым укуктары токтотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ал Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук берген.