Марал Радиосу

Илмиянов өзүнчө камерага которулууну өтүндү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов УКМКнын тергөө абагында өзүнчө камерага которулууну өтүндү. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Аталган борборго мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусу Илмияновду дарыгерлердин чечими менен өзүнчө камерага которуу боюнча кайрылган.

Мындан тышкары, аталган борбордун өкүлдөрүнө Илмиянов өзүн жакшы сезип, шарттар боюнча эч кандай нааразычылыгы жок экендигин айткан.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.