Марал Радиосу

Кубанычбек Кулматов камакта калтырылды

Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов камакта калтырылды. Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Сот анын бөгөт чарасын карады.

Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен буга чейин адвокаты Сергей Слесаров Жогорку кайрылган.

Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган.