Марал Радиосу

Сот  системасы жаңы кодекстерди күчүнө киргизүүгө даяр

Сот  системасы жаңы кодекстерди күчүнө киргизүүгө даяр, каржылык маселелер чечилди. Бул тууралуу тегерек столдо Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Каныбек Бокоев билдирди.

Анда 2019-жылы 1-январдан тарта Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар кодекси, Жазык-процессуалдык кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Бузуулар кодекси, «Сыноо жөнүндө» жана «Мунапыс негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» мыйзамдар күчүнө кирет.

Мындай реформа мыйзамдын гуманизациясын шарттап, адам эркиндигин жана укугун сактоону көздөйт. Анын негизинде киши өлтүрүү жазасы 20 жылдан 15 жылга азаят, ал эми жемкорчулук үчүн жаза 15-20 жылдан 12 жыл жана 6 айга чейин төмөндөйт.

Ушул жылы октябрь айында бул реформанын алкагында Жогорку Сот 56 жаңы сотторду кызматка алган. Бул реформа боюнча 10 миң кызматкерге окутуулар жүргүзүлдү.