Марал Радиосу

ТИМ: Кытайда 17 кыргызстандык абакта отурат

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Руслан Казакбаев Кытайда 2 кыргыз жараны өлүм жазасына тартылганын айтты.

Эл өкүлү Кытай тарап менен сүйлөшүлүп, кыргыз жарандарын өткөрүп алуу аракеттери көрүлүп жатабы деген суроону койду.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун айтымында, бүгүнкү күндө Кытайда 17 кыргызстандык абакта отурат.

Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү өлкөдө экстремизм, террорчулук боюнча жалпы 160 кылмыш иши козголуп, 77 адам жоопкерчиликке тартылганын маалымдады.