Марал Радиосу

Башкы прокуратура жемкорлордон 134 млн сом өндүрдү

Башкы прокуратура бирдиктүү депозиттик эсепке 2 млн 259 миң сом которду. Мекеме тарабынан 30-октябрга карата жалпы 134 млн 872 миң 168 сом которулду.

Эскерте кетсек, бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылы 3-июлда ачылган. Ал эсепке экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн өндүрүлгөн акчалар түшөт.