Марал Радиосу

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды

30-октябрда эртең мененки саат 08:22 чамасында кыргыз-кытай чек арасынын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.