Марал Радиосу

Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү маселеси каралат

Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрына чейин камакта калтырылган Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү маселеси каралат.

Соттук отурум бүгүн, 30-октябрда Жогорку сотто өтөт.

Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен буга чейин адвокаты Сергей Слесаров Жогорку кайрылган.

Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган.