Марал Радиосу

Жээнбеков Түркиянын 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Стамбул шаарында Түркиянын 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты.

Ошондой эле ал башка мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышты.

Жээнбеков Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен барган. Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы Пакистандын президенти Ариф Алви менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.