Марал Радиосу

Депутаттар Бишкек ЖЭБинен кабар алат

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек жылуулук электр борборундагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитети көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламент депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.

Көчмө жыйынды парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети өткөрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдык боюнча кабар алган. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Аширбаев “Марал” радиосуна берген маегинде, Бишкек жылуулук электр борборуна 210 миң тонна көмүр келип түшкөнүн айткан.