Кыргызстанда алдыңкы үч жылда ички дүң өндүрүм 5 пайызга чейин өсүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын маалыматында, төмөнкү экономика тармактарындагы оң өнүгүүлөрдүн натыйжасында 2019-21-жылдары ички дүң продукциянын өсүүсү болжолдонууда. Өкмөт программалык бюджетти ишке киргизүү максатында мамлекеттик органдардын жетекчилерине эмгек акынын фондун сактоо, кызматкерлерди шыктандыруу менен штаттык санды оптималдаштырууга укук берет.
-Баардык министрлик менен ведомстволор өздөрүнүн бюджеттин программалык негизде берип жатат. Бирок бүгүнкү күндө 100 пайыз иштете албай жатабыз. Программанын негизинде кийинки жылы Саламаттыкты сактоо менен Транспорт жана жолдор министрлиги пилоттук түрдө программалык бюджетке өткөрүлөт. Алар берилген каражаттын негизинде кандай жетишкендиктерге жетет, убакыт көрсөтөт. Биздин мекеме тараптан каржылоо маселеси өз убагында чечилип турат. Ошону менен бирге эмгек акы фондусун, структурасын оптималдаштырууга да мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Акча каражатын азайтпайбыз. Балким он кишинин ордуна жети же сегиз киши иштеп жатса, калган акчаны шыктандырууга жумшайбыз.
Маалыматка ылайык, гранттарды эсепке алганда 2019-жылы бюджеттин кирешеси 170 млрд сом болору болжолдонууда. Ошону менен бирге салыктан түшкөн кирешелер өсөт.
Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров салыктык кирешелердин өсүү темпин төмөндөгүчө түшүндүрдү:
-2019-жылга Салык кызматы мамлекеттик бюджетке салыктар жана төлөмдөр боюнча 89 млрд сомдой каражатты алып келүү киргизилип жатат. Быйылкы такталган бюджетке караганда 6 млрд сомго көп болуп жатат. Негизинен өсүү темпи бизге киреше, нарк, бирдиктүү салыктарынын көбөйүүсүнөн улам болууда. Анын негизинде көрсөтүлгөн планга жетүүгө аракет кылабыз.
Эсептөө палатасы өкмөттүн 2019-жылга республикалык бюджеттин жана 2020-21-жылдарга божолу тууралуу мыйзам долбоорунун корутундусун жарыялаган. Анда негизги көңүл киреше жагына бурулган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Анын берген маалыматында, киреше жагында көмүскө экономикада 24 млрд сом бар. Ошондуктан өкмөт, экономика министрлиги жана улуттук банк чогуу иш алып баруусу керек. Ошондо киреше булагы өсөт.
— 2019-жылы ИДПга карата кирешелердин өсүшү 22 пайыз болжолдонгондон улам салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түшпөй калуусу 25 млрд сомду түзүп жатат. Ал эми чыгашалар боюнча капиталдык салымдар беренеси боюнча каржылоонун долбоору тизме боюнча кирүүсү керек. Үч миллиард сомго каржылоо объектиси тизмеге кирген эмес. Коргоо жана коомдук тартип, коопсуздук бөлүмдөрү боюнча бюджеттик резолюцияга карабастан жашыруун киргизилген. Ошондой эле ресурстук бөлүктө 1 млрд сомдон ашык гранттык каражат эске алынган эмес.
Эсептөө палатасынын баяндамасынан соң депутат Зиядин Жамалдинов өкмөттүн көмүскө экономиканы төмөндөтүү боюнча ишине кызыкты.
-Азыр көмүскө экономикада 24 млрд сом жатат экен. Ушул багытта эмне аракеттерди кылып жатасыңар?
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров көмүскө экономиканын көрсөткүчүн азайтуу үчүн фискалдаштыруу боюнча аракет болуп жатканын кабарлады.
-Биз өкмөттүн жыйынында ушул маселени талкууладык. Ар бир киргизилип жана чыгарылып жаткан товар боюнча канча салык түшүп жатканы текшерилет. Фискалдаштыруу боюнча концепция келишимде турат. Эгерде фискалдаштырууну киргизсек, көмүскө экономиканын көлөмү түшөт. Өлкөдө көмүскө экономика бар.
Депутат Улан Примов сунушталып жаткан бюджетте кардиналдуу сунуштар жана өзгөрүүлөр жок экенин белгиледи. Ошону менен бирге бюджетти толтуруунун негизги булактары көрсөтүлбөгөнүн сындады.
-Салыктан түшкөн каражат 21 млрд сомдон түшүп кетти деген биздин бюджет үчүн чоң сумма эмеспи? Бул багытта кандай иш кыласыздар? Биз кайсы мыйзамдарды жокко чыгаруубуз керек? Азыр жылдын бюджеттин карап жатканда ушуга окшогон суроолорго даярданып келүүңүздөр керек. Өткөндө өкмөттө жыйын болгондо премьер-министр депутаттардын суроолоруна даярданып баргыла дегенин окуп калдым. Азыр, тилекке каршы, кайра ошол нерсе кайталанып жатат.
Жыйынтыгында тармактык комитет бюджет боюнча мыйзам долбоорду эске алуу менен кабыл алды.