Өзгөндүн Жылалды айылында 37,6 грамма баңгизаты менен кармалган адам имам болуп иштебейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы билдирет.
Кармалган адам буга чейин да Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы түзүлүшүндө иштеген эмес.
Эске салсак, мындан бир нече күн мурун Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында имам баңгизаты менен кармалды деген маалымат тараткан.