Марал Радиосу

Айдарбеков Кытай менен болгон кызматташууну талкуулады

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытай Тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханьхуэй менен жолукту.

Айдарбеков саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Ошондой эле, келерки жылы ишке аша турчу жогорку деңгээлдеги иш сапарлары тууралуу пикир алмашуу болду.