Марал Радиосу

Чүйдө өткөн аптада 40 айдоочу мас абалында унаа айдаган

Өткөн апта ичинде Чүй облусу боюнча 38 айдоочу мас абалында унаа башкарган. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы кабарлайт.

Жалпысынан облус боюнча 4 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинде 74 жаран документи жок унаа башкарган. 1 миңдейи жогорку ылдамдыкта айдаган, 8 айдоочу караңгылатылган терезе менен жүргөн. 100гө жакын унаа атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди.