Марал Радиосу

Бишкек: украиналык жаранды тренинг өтүп жатканда алып кетишкен

Украинанын жараны Андрей Иванов тренинг өтүп жатканда, милициялар кармап кеткендигин Инстаграм баракчасына жарыялады. Ал «АКШдан автоунаа алып келип, кантип сатса болот?» аталышындагы бизнес тренинг өтүп жаткан.

Ошол учурда Ленин райондук милициясы иш-чараны өтүүгө уруксат кагазынын жоктугунан улам алып кеткен. Ал эми Бишкек шаардык милициясы Украинанын жаранын болгону протокол түзүү үчүн гана алып кетишкенин билдирди.

Ага карата администрактивдик кодекстин 390-беренеси боюнча айып тагылып, 10 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөө милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, ал башка өлкөнүн жараны болгондуктан, иш-чара өткөрүү үчүн уруксат алышы кажет болгон.