Марал Радиосу

Мамлекет быйыл канча кен өндүрүлөрүн белгиледи

Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин мамлекет 1 млн тонна көмүр, 169,2 миң тонна нефть жана 30 млн метр куб газ өндүрүүнү көздөйт. Бул тууралуу  2019-2021-жылдарга карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунда айтылат.

Өкмөт бул жылы 15 млрд 377,4 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүүнү да максат кылат. Мындан тышкары цемент, мотордук жана дизелдик күйүүчү майлар, алтын жана башкаларды өндүрүү боюнча да пландар түзүлгөн.