Марал Радиосу

Муфтият: “Имам баңгизат менен кармалды” деген маалымат төгүн

Өзгөндүн Жылалды айылынын тургуну, имамы 37 жаштагы С.К. аттуу жаран 37,6 грамм марихуана баңгизаты менен кармалды деген маалымат төгүн. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта, С.К. аттуу жарандын Өзгөн районунун  Жылалды айлында имам болуп иштебегендиги айтылат. Ошондой эле, буга чейин да Дин башкармалыгынын структурасында такыр эмгектенбегендиги белгиленген.