Марал Радиосу

Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Орусиянын президенти Владимир Путин 2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Москвада Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушкан.

Анда эки тарап Путиндин 2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары тууралуу айрым маселелерди талкуулашкан.

Ошондой эле алар  Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди талкуулашып, жогорку деңгээлде күтүлүп жаткан визиттер тууралуу пикир алмашышкан.