Марал Радиосу

28-октябга карата аба ырайы

28-октябрда Кыргызстандын бир топ аймактарында күн ачык болот. Гидрометеорология агенттигинин маалыматына таянсак, тоолуу райондордо гана кар жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 9…11, күндүз 16…21;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Нарын жергесинде түнкүсүн -4…1, күндүз 15…20;

Ысык-Көлдө аймагында 1…6, күндүз 15…20 градус болот.

Борбор калаада 28-октябрда түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн 12…14, күндүз 20…22 градуска жетет.